Умуткан Эралиева

Страна : Кыргызстан

Я начала создавать творческий мир с детского сада. Я  пела, танцевала и аплодировала родителям на праздничных вечеринках. В 1980-1985 годах, когда мне было в школе.Дж. Поступила в музыкальную школу в наймане и училась в комузском классе отделения «кыргызский народный инструмент». Одновременно я публиковала статьи в районной, областной газете. В студенческий период была лауреатом фестиваля» Ала-Тоо жазы-89″. В настоящее время издано более десятка книг по поэзии, научной литературе, истории. Публицист, поэт, писатель.

Country : Kyrgyzstan

I started the creative world from kindergarten. I would sing, dance and applaud my parents at holiday parties. In 1980-1985, when I was at school.J. Entered the music school in Naiman and studied in the Komuz class of the department «Kyrgyz folk instrument». At the same time, I published articles in the district, regional newspaper. During his student period, he was a laureate of the festival «Ala-Too Zhazy-89». Currently, more than a dozen books on poetry, scientific literature, and history have been published. Publicist, poet, writer.

Отрывок из сборника поэзии

Баш мээ акыл – эсти башкарат

Мээ – адамды сен башкарып келесиӊ,

Ар бир жанга сезим данын себесиӊ.

Кан жүгүртүп, жан киргизип денеге,

Тирүү жанга жашоо демин бересиӊ.

 

Мээ – сен күндөй кереметсиӊ, сулуусуӊ,

Жашообуздун көркү сенсиӊ – нурусуӊ.

Сен болбосоӊ – өпкө, жүрөк, дененин,

Көзүбүздүн бар болгону курусун!

 

Колуӊда бүт баш – көзүбүз, жаныбыз,

Түшүнүксүз болмок сенсиз – аныбыз.

Нервибиздин ордосунда – Султансыӊ,

Сенсиз шордуу жан болмокпус  баарыбыз.

 

Айтып бергис кудуретиӊ ал күчүӊ,

Ак караны тааныйм аныӊ бар үчүн.

Баамдап, адам экенимди билемин,

Амириӊден оокат, малым, дан, түшүм.

 

Зор күч сенде, сенде улуу касиет,

Жаны бар да, жаны жок да баш иет.

Сен бар үчүн көзүм көрүп, бут басып,

Бүт башкарып, не кыларды  баш билет.

Ойлоп көрсөм: — жөнөкөйсүӊ, ыйыксыӊ,

Бир өзүӊө баарын топтоп жыйыпсыӊ.

Бийик болуп, адам кылып адамды,

Кеӊ ааламга толук батып, сыйыпсыӊ.

 

Булагысыӊ оргуп чыккан оюмдун,

Нуру көркү, кебетемдин, боюмдун.

Жаман – жакшы, ый – күлкүнүн угуту,

Турмуштагы ашымдын да, тоюмдун.

 

Илимдин доктору,

тажрыйбалуу нейрохирург

Киевден доктурлугун коргоп келди,

Илимдин дүйнөсүнө кулач керди.

Хирургдук жолу менен мээ шишигин,

Жок кылып, дарылоону колдоп келди.

 

Ойчулдун өргө карай ташы кулап,

Алдыда ийгиликтер күтүп турат.

Илимдин сересинде улам өөрчүп,

Жаӊылык, ачылыштыр жүрүп турат.

Ал баардык палатага кирип чыгат,

Кеселдин ден – соолугун билип чыгат.

Өлүмдөн ооруганды сактап калып,

Жакшылык менен жанын тынчыттырат.

Бейтаптар алкыш айтып: — карааныӊ дейт,

Биз үчүн караӊгыда күйгөн чырак.

 

Кесибин нейрохирург жакшы билет,

Билгенин өздөштүрүп, тереӊ кирет.

Бир жасап жасаганын кайталабай,

Милдетин так аткарат түрүп билек.

 

Периштеси ооруп жаткан кишинин,

Жүлүндүн да, куяӊ мээнин шишигин.

Не себептен ооруганын таап чыгып,

Зор устаты сүйүп, кылган ишинин.

 

Өмүрдү кээ бир медик сактай албайт,

Кызматын иши менен актай албайт.

Ыйлатып, кайгы – муӊга туш кылганды,

Турмушта эч ким даӊктап мактап албайт.

 

Кызматка жараша ал урмат күтүп,

Адамдын жанын сактап нурдан бүтүп.

Боорукер иш дегенде ашын койгон,

Уйкусуз оор күндөргө жаны түтүп.

 

Оӊолуп элибиздин жашоо шарты,

Илимдин арасынан жыргап жалпы.

Айыгып адам таза жеӊилденет,

Калбастан ичиндеги чыгып дарты.

 

Булактай табияты таза, тунук,

Эӊ бийик, кадыр – баркы чексиз улук.

Кармаган туусу анын – жөнөкөйлүк,

Чындыкка башын иет, кулдук уруп.

 

Эл ишенимине ээ болгон

эл депутаты

Сыйга жетип, эл ишине жарап шер,

Жердештери, депутатка талапкер.

Бол дешиптир, колдоп, добуш беребиз,

Ардагыбыз ден – соолукка данакер.

 

Ноокаттыктар анын өсүү жолунда,

Бата берип, депутаттык орунга.

Жеткизишип, Ибн – Сина аташып,

Жеӊишине сүйүнүштү соӊунда.

 

Шайлоочунун ар бирине дарысын,

Аябастан берип, салбай далысын.

Айна – жеӊе көмөк кылат ишине,

Жолдошунун тебелебей намысын.

20 – орундуу оорукана курду ал,

«Ынтымыкка» туура көрүп анысын.

 

Ооругандар оору менен алышып,

Дарыларын келип андан алышып.

Сакайышып,көрүшүптүр Пириндей,

Асылынан дартка даба табышып…

 

Жүздөрүндө кубанычтын мөөрү бар,

Көздөрүнүн жайнаганын көрүп ал.

Элет эли сылык – сыпаа, алпейим,

Тоолуктардын мүнөзүнө көнүп – ал.

Сөзү жакшы, мамилеси жыпжылуу,

Бийик жердин бийиктигин бөлүп  — ал.

 

Мамиле жылуу – жумшак, жарык маӊдай,

Калк үчүн сүймөнчүктүү Улукмандай.

Ыймандуу, кичипейил, колдон алат,

Жардамын берип, четке туруп  калбай.

 

Багына «элдик» делген асыл киши,

Багынтты, зор илимге өттү тиши.

Ылайым өлбөс – өчпөс өмүр сүрсүн,

Айланып дастандарга ар бир иши.

 

Керегиӊ элге – журтка тийип турат,

Ишиӊдин баалуулугу бийик турат.

Антына Гиппократтын жоопту берип,

Мөмөлүү шагын дароо ийип турат.

 

Артында шакирттери арбын анын,

Улукман дарыгердей элдин жанын.

Баардыгы сактаганга даяр турар,

Беришке келечекте өмүр балын.

 

Илимпоздор коому

Үйдүн багын ак жоолуктан күтүшөт,

Эки жубай куттуу өмүр сүрүшөт.

Эркектердин данакери жар болсо,

Ошолордо бак – таалайдан үлүш көп.

 

Асыл  аял маанайыӊды көтөрөт,

Чарчап келсеӊ баласындай бөпөлөп.

Тамак – ашын күлүп – жайнап бергенде,

Төбөӊ көккө жетет чиркин, көкөлөп.

 

Жубай менен үйүӊ түгөл,таптаза,

Жакаӊды жууп, тамагыӊды таптаса.

Өлбөстүккө жетиштим деп айта бер,

Бала төрөп, намысыӊды сактаса.

 

Аял менен болгондойсуӊ бейиште,

Жыргап жашап, жол бербейсиӊ кейишке.

Душманыӊды дос кыласыӊ тилин таап,

Жетип дайым ийгиликке, жеӊишке.

 

Асылзаттын жакшы жагы өтө көп,

Мейманыӊды тосуп, сыйлап жөнөтөт.

Оту өчпөс коломто – ал, ырыскы,

Берекелүү баары түгөл, баары – төп.

 

Илимпоздор коому айтат аны: — «Шер!»

Эл сыймыгы болуп калды ошол жер.

Айна жеӊе кандидаты илимдин,

Бактыгүл да, Элмира да —  дарыгер.

 

Аман калган – оору деген кордуктан –

Кишилерден «Рахмат!» деген жооп уккан.

Күйөө балдар – эл сыйлаган медиктер,

Кесибинен таалайына жолуккан.

 

Күйөө балдар кайнатанын жолунда,

Скальпель, тампон ал экөөнүн колунда.

Жакшыларды туурап, ишин улаган,

Чынында эле туура чечим, сонун да!

 

Врач – хирургдун күчү чексиз,түгөнбөс,

Ишенимсиз улуу ойлор төрөлбөс.

Чыдамы жок эрки күчтүү болбосо,

Анын багы ачылбас да, көгөрбөс.

Медиктердин катуу болот мыйзамы,

Баш ийбеген ырахатка бөлөнбөс.

 

Жаӊылбагын, өмүр кылдын учунда,

Солуп калат, кеп мынакей ушунда.

Мыкты адис өчкөн жанды жандырат,

Убагында болуп калып тушунда.

 

Бул үй – бүлө чалкып жаткан деӊиздей,

Куп келишет жаман – жакшы дегизбей.

Өмүрлөрдү сактайт ажал торунан,

Бөөдө элге капа- кайгы жегизбей.

 

Умай эне, Улукмандын турмушта,

Эмгектери – бал, шекердей, мейиздей.

Өлбөстүккө айланышып издери,

Жылдыздары күйүп – жанып – эгиздей.

 

Кутман курак жетимиш

Ак эмгектин көрдү жакшы үзүрүн,

Даамын татып калтырбады үзүмүн.

Окуусунан баар таап, элге жегизди,

Жарык маанай, ден соолуктун жүзүмүн.

 

Көп изденди, басты татаал жолдорду,

Ак кызматы берекеге мол болду.

«Даӊк» медалга татып, өтө бактылуу,

Раазы болуп, кысып сунган колдорду.

 

Мээнеткеч жан нурун чачып жалпыга,

Ден – соолуктай байлык берди калкына.

Нью – Йорктун ал ИА – сынын мүчөсү,

Даражасы баркты кошту баркына.

 

Иши менен жагып элдин баарына,

«Академик» деген жетти наамына.

Күндүр – түндүр эмгектенип окшошту,

Талыкпастан бал ташыган аарыга.

 

Илимге ал кошту албан үлүшүн,

Кудай берген акыл – ойдун күмүшүн.

Качан болсо каалап сүйгөн элинин,

Оорубастан ден соолукта жүрүшүн.

 

А убакыт өттү көзгө илинбей,

Жылдар – айдай, айлар – күндөй, билинбей.

Кутман курак жетимишке жеткирди,

Бекем байлап асыл ишке – илимдей.

 

Түйшүктүү иш, илимдерден жетилиш,

Баштаганды зор деӊгээлге жеткириш.

Күүгө келген, акыл толгон мезгилди,

Толукшутуп алып келгин жетимиш!