Об авторе:
Свой первый стих написала, примерно, 23 года назад. Это было домашнее задание по кыргызскому языку и литературе. Но только сейчас осознала, что хочу заниматься творчеством всю жизнь: писать стихи и книги. За три месяца сочинила более ста стихов для первого сборника. На родном языке. Далее есть намерения писать книги — полезные, лёгкие и читаемые.
About the author:
Отрывок из сборника стихотворений “Жүрөктөн чыккан жүз ырым”
Сайтка киргизүү үчүн беш ырым
Палестинага салам
Ээлик кылып бөтөн элдер ээлеп алды,
Эт саткандай колдон колго берип салды,
Эң кызыгы эт бааланып наркка сатылса,
Сенин жериң тепселенип бекер сатылды…
Жерсиз калган ээн элиң куулуп тарады,
Жемдей талап макулдугуң ким сурады?
Жүз жети жыл жазаланбай жашап атса,
Эч кайгырба, кыйрашына аз эле калды…
Сабырдуулук түгөйүң сенин йа Филастын,
Сары алтын күтөт үйүлүп аль-Фирдауста,
Сагынды сени Бейиш Багы чын ыкластан,
Жериң эми аль-Фирдауста йа Филастын!
Жеңилдетет абалыңды Жаратканыбыз,
Жеңиш берет бек, кулайт душманыбыз,
Жергиликтүү элиң кайтат, жериң толот,
Жексен болуп жер менен жөөт жоголот…
Устазыма кат
Мактоо, шүгүрлөр Роббиме бир гана,
Салам, салаваттар Пайгамбарыма,
Дагы да айтам Аллахка чексиз шүгүр,
Дал сизди мага себепкер кылганына.
Ой жүгүртсөм мээнетиңиз өтө оор,
Оңолсун деп кыргыз элин кыйбайсыз,
Оңунан чыгып болсун баары бейиштик,
Ойгонсун деп кыргыз элим сыздайсыз.
Баатыр сымал аябайсыз жаныңызды,
Баарына Сөзүн Аллахымдын жеткирип,
Баталар тийсин өзүңүзгө багышталган,
Багына Фирдаустун сураксыз сиз кирип.
Кыязы күчтүү ибадаткөй аалымсыз,
Кылымда бир Жаратканым жиберген,
Кызматыңыз кабылданып айыпсыз,
Кыяматта болуңуз нур жарык берген!
Жашоо ушундай…
Дал азыр сиз окуп жаткан мезгилде,
Көз жумуп Роббисине бирөө жөнөдү,
Кепинделип жерге маркум берилгенде,
Кай бир жерде жаңы алдей төрөлдү.
Бирге жүрөт жакшы менен жаман такай,
Жакпаса да жараланткан жашоо ушундай,
Шаңга толуп үйү жанса бир үй-бүлөөнүн,
Шамы өчүп ыйы бүтпөйт башка бирөөнүн.
Бала жытын жыттай албай арманы зор,
Жете албай кимдир бирөө балага зар,
Башка чаап башкасы тыштап кетип,
Жетим калган беш баласы атага зар.
Курсагы ток ысрап кылып төгүп жатса,
Куурайт ачка куйкаланып күүкүм таппай,
Бирде өйдө, бирде ылдый таразадай,
Эх, чиркин, жараланткан жашоо ушундай.
Бизди кечир
Кимди ким жаратканын биз унуттук го,
Жаратылбай пайда болуп калгансып,
Байлыкты көздөп дүнүйөгө умтулдук го,
Байып кетип бакка толуп калгансып.
Багында го Бейиштин чыныгы багыбыз,
Түшүнсөк жетип түпкүрүнө, биз наадан,
Багынбай шариатыбызга жулундук го,
Бакытыбызды ибадат тосуп жаткансып.
Акмактар каптап арабызды бузулдук го,
Айныган мээлер алмаштырып жынысты,
Аздык кылат – динди сатып бурулдук го,
Каныбызды ислам соруп жаткансып.
Соргон – байлык, алдаган – бул байлык,
Катмар-катмар басып калган май акча,
Ачылбаган каректерди айрыйт чындык,
Ачуусуна көз жумбастан ачкын, жаппа!
Жүрөк тынчтыгы
Канча түркүн ыкмаларды билсем да,
Кайгымда соороотуучу Өзүң болдуң,
Жан аябаган жакындарым болсо да,
Кайрылганым жалбарып Өзүң Роббум.
Азыр дагы кысылгандай араң турам,
Эмнегедир, баары жакшы болсо деле,
Балким, чындап, жүрөгүмдүн тынчтыгы,
Калып калган Сенин жаныңда эле…
Кантип эми ал боштукту толтурам,
Толо турган болсо Сенин жаныңда эле,
Чакырсаң мени эртерээк бул жалгандан,
Балким, калп эмес, чын жылмаят белем…
Чындыктан качпайм – тагдырым кыска,
Кабыл кылам, кайрылбай Өзүңө барам,
Акыйкатта, барып Сенин жаныңдан,
Калып калган тынчтыгымды табам…