Бубуйра Бектенова

Страна : Кыргызстан

Бектенова Бубуйра родилась 17 декабря в 1956 году в с. Кум-Арык Жайылского района. В 1977 г. Закончила Кооперативный техникум по специальности “товароведение” и начала свою трудовую деятельнось с сферы торговли. В 1985 г. Закончила экономический факультет Кыргызского Национального университета по специальности “Экономист” и продолжала работу в качестве директора магазина. С детства увлекалась литературой. Изданные книги: “Мен сыйынган сезимдер” (“Чувства пред которыми я преклоняюсь”) – 2004г.; “Ай тамга” – 2015г.; “Уядан учкандар” (“Вылетевшие из гнезда”) – 2015г.; “Көчмөндөр изи” (“Следы кочевников”) – 2016г.; “Жанкарач бий доору” (“Эпоха Жангарач бия”) – 2018г.; “Гүлдастан” (“Сага о цветах”) – 2018г.; “Байтик Баатыр” – 2019г. С 2012 года член Национального Союза писателей КР, член Евразийской Творческой Гильдии (г. Лондон), с 2021 года член Союза Писателей Северной Америки. Отличник культуры Кыргызстана. Обладательница почётных грамот и медалей от государства и общественных организаций. Мать двух дочерей и бабушка трёх внуков.

Country : Kyrgyzstan

Отрывок из поэзии

Айдың желдүү адырда

Тоо этеги коон, дарбыздай адырлар, 

Ыргалыша каалгып агат каакымдар. 

Топоң жарып тирелген чөптөрүңдөн, 

Алпейим жыттар аңкыйт чер жаздыраар.

 

Жашыл ирең жайдары жүрөк сүйгөн, 

Көкүрөккө элесиңди түйүп жүрөм. 

Желип-жортуп желиңе жел жалгашса, 

Чалкыган өрөөнүмдө жаркып күлөм.

 

Шамалга, шамал кучак жайышканда, 

Сүйүү желге, жел ырдап табышканда. 

Күн чайып, бакыт нурга тунуп турду,  

Асман, жер бир ыргакты ырдашканда.

 

Бирок болбос үстүнө кар жамынбас, 

Мезгилдерди токтотууга жан табылбас. 

кар көчүп, бороон улуп, үшүк жүрүп, 

Бирок келээр, мезгил жазды түк кубалбас.

 

Бул керемет кайталанып Жараткандан, 

Бирде ызгаар, бирде мээрим Жаратмандан. 

Убакыттын кыйырында табигат да, 

Адам сыяк өмүр сүрөт алмустактан.



Өрөөндөгү сулуулук

 

Тоо этеги жашыл өрөөн жайкалган, 

Сулуу кыздай буудайлары чайпалган. 

Жаратылыш жашыл торко кийинип, 

Асманында куш төрөсү айланган.

 

Адырларда желип-жортуп шамалы, 

Айкалыша кыналышкан жамалы. 

Бирде жай да, бирде ылдам сыдырым, 

Сайрандашып, кубалашкан жайдары.

 

Бетегелүү арасында гүл жайнап, 

Атырылат жер астынан суу кайнап. 

Чырайына таң калтырган адамды, 

Дал өзүнө жүгөн, жипсиз бек байлап.

 

Адамдары ак пейилдүү асылдар, 

Арасында кеменгерлер карылар. 

Аярдашып уул-кыздарын өстүргөн, 

Очок отун өчүрбөгөн апалар.

 

Тынчтык берсин, куттуу берсин жериме, 

Ажырагыс дөөлөт берсин элиме. 

Улуу көчтөн уңгу башат кут сунат, 

Мурас рухун оргуштатып демиме.



Таң атканда айылымда 

 

Жылдыз тарап асманда, 

Таң сүрүлүп атканда. 

Көк көйнөкчөн көк асман, 

Ууздай көзүн ачканда.

 

Таңкы чөптө шүүдүрүм, 

Мөлт кулатып үзүмүн. 

Чачып жарык жалынын, 

Күн жылытат жер жүзүн.

 

Көңүлдө ыпым санаа жок, 

Майрамдай маанай кардым ток. 

Бейиштей жерде чоңойдуп, 

Эркетай болгом кайгы жок.

 

Күймөнүп апам үй жакта, 

Ыпысык нанын жапканда. 

Мал жандыгын айдаган, 

Атам кетчү төш жакка.

 

Береке мол тегимде, 

Бейпил турмуш элимде. 

Алмустактан келаткан, 

Айтылуу асыл жеримде.



Өмүр

 

Калп айтпадым, көрөзгөйлүк кылбадым

Өтөлгөлүү өмүр үчүн чуркадым. 

Тууралыгым туудай кармап келатам, 

Туу жолумда тыным алып турбадым.

 

Шымаланып колум турду түрүлгөн, 

Ушактарды уксам жаным түңүлгөн. 

Өз жолума өзүм жооп берүүгө, 

Отко-сууга, тартынбастан жүгүргөм.

 

Азыркыда абай салып карасам, 

Адамдыктын чыйыр жолдо баратам. 

Кучак толо гүлдөрүм бар жайнаган, 

Жан-жагымда жакшыларга таратам.



Атакем менен энеме

 

Турмуштун туу жолунда кайрат жанып, 

Намыс, арды белиңерге байлап алып. 

Көйгөйлөрүн көтөрдүңөр көчүңөрдүн, 

Артыңардан ай алмашып, жылдар агып.

 

Өзөк таап өзүңөрдүн дилиңерден, 

Өксүбөй өмүр жолдо өчпөй келсем. 

ал силерден арууланган аппак дилим, 

“түйүнчөктөп” таалимиңер алгам бекем.

 

Абийир таап силердин тарбиядан, 

Акыл алдым насыят намыс ардан. 

Өмүр жолдо өөдөлөнүп өчпөй келсем, 

Ал силерден алган наркым жараткандан.

 

Өзүңөрдүн муун-жүүндөн жаралганмын, 

Каның агып жүрөгүмдө тамырландым. 

Силердин жан менде жашайт өзүңөрдөй, 

Улуу уңгумдан таасир алган тайбас жаным.

 

Улуу көчтү улап, улам, өсүп турган, 

Ата-энем чапкан нукта агып турам. 

Ата-энемдин айкөлдүгүн, асылдыгын, 

Балдарыңдын жүзүнөн көрүп турам.